Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:03

Т. Акун Бангкокто Акыйкатчылар жыйынына катышууда


Акыйкатчы Турсунбек Акун Тайланддын баш калаасы Бангкокто Азия Акыйкатчыларынын ассоциациясынын 11-жыйынына катышууда. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, “Коомдук секторлорду натыйжалуу башкарууну реформалоо жаатында Акыйкатчынын ролу” темасында өтүп жаткан жыйында Турсунбек Акун Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун алдында түзүлгөн коомдук кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу айтып, “Адам укуктары маалыматын жер-жерлерге жеткирүүдө жарандык коомдордун ролу” жөнүндө баяндама жасады. Ал Тайланд, Кытай (Гонконг), Непал, Филиппин жана башка өлкөлөрдүн Акыйкатчылары менен жолугушту. 2-ноябрда башталган Азия Акыйкатчылар ассоциациясынын жыйыны 5-ноябрда соңуна чыгат. (AJ)

XS
SM
MD
LG