Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Хамид Карзай “кеңири өкмөт” түзө турганын айтты


Бүгүн Хамид Карзай “өлкөдө баардык оогандар катыша ала турган кеңири өкмөт түзүүнү” каалап жатканын билдирди. Ал, ошондой эле, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөөрүнө ишендирди. АКШнын президенти Барак Обама дүйшөмбүдө Карзайды куттуктап, коррупция менен күрөшкө өзгөчө көңүл бурууга чакырган. Кечээ Кабулда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 7-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болбой турганын айтып, Хамид Карзайды жаңы шайланган президент деп жарыялаган. Шайлоого оппозициянын өкүлү Абдулла катышпай турганын айткандан кийин, ушундай чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG