Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Иран оппозициясы нааразылык акцияларын өткөргөнү жатат


Ирандын оппозициялык партиялары өкмөттүн эскертүүсүнө карабай бүгүн нааразылык чараларын өткөрүүнү көздөшүүдө. Иранда бул күнү АКШ элчилигине болгон чабуулдун 30 жылдыгы расмий белгиленүүдө. Бардык башка чыгууларга тыюу салынган. Революциялык сакчылар кеңеши нааразылыгын билдирип чыккан демонстранттарга каршы күч колдонот деп эскертти. Буга карабай, Ассошейтед пресстин маалыматына ылайык, ондогон реформачыл сайттар нааразылык акцияларына катышууга үндөшүүдө. 1979-жылы радикал студенттер элчиликти басып алып, америкалык 52 кишини 444 күн барымтада кармашкан. Ошол окуядан кийин Вашингтон Тегеран менен дипломатиялык алакаларды үзгөн.

XS
SM
MD
LG