Бүгүн “Ак жол” фракциясы “Өнүктүрүү фонду” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүгө макулдугун берди. Ага ылайык Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча агенттик фондду башкаруу боюнча мамлекеттин өкүлү деп таанылат. Ошондой эле фонд агенттикке ар кандай эксперттик кеңештерди берүүгө милдеттендирилет. Агенттиктин жетекчиси Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат. Бул тууралуу депутаттарга экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиев билдирди. Анын айтымында, Өнүктүрүү фондуна Россиянын 300 миллион доллар насыя берилген. Анын жылдык үстөк пайызы 0.75% жана Кыргызстан алгачкы төлөмдү 2016-жылдан баштап төлөп, акыркы төлөмдү 2049-жылы жүргүзүш керек.(AiT)