Италиянын соту АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынынын – ЦРУнун мурдагы 23 агентин сыртынан соттоду. Алар 2003-жылы мусулман динаятчысын уурдагандыгы үчүн айыптуу деп табылды. ЦРУнун Миландагы кеңсе башчысы 8 жылга, калгандары 5 жылга кесилди. Италия атайын кызматтарынын 2 агенти 3 жылга абакка өкүм кылынды. Агенттер Усама Мустафа Хассан Насрды Миланда уурдап кеткендиги үчүн күнөөлөндү. Ал кийин АКШнын Италия жана Германиядагы базаларына өткөрүп берилген. Киийн динаятчы Египетке өткөрүлүп, ал жерден анын айтымында, кыйноого туш болгон. Наср 4 жылдан кийин эч кандай айып тагылбастан бошотулган. АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат өкүлү Ян Келли соттун өкмүн өкүнүчтүү деп атады. Бул – ЦРУнун терроризм үчүн шектелген адамдарды өткөрүп берүү программасына байланышкан алгачкы сот процесси. Аталган программа бир катар өлкөлөрдүн сынына кабылган.