Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

“Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилди


Экономикалык тескөө министрлиги Жеңишбек Байгуттиев мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү зарылчылыгына токтолуп, “Өнүктүрүү фонду” жабык акционердик коом экенин, ал ичтен, сырттан каражат топтоп, экономикага инвестиция сала турганын белгиледи. Фонддун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн анын Байкоочулар кеңешине оппозициялык фракциялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөр кире турганын билдирди. Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева Өнүктүрүү агенттиги, Өнүктүрүү фонду жана Өкмөттүн ортосундагы мамиле чаташып калганын, келгенине бир нече ай болгон MGN GROUPтун өкүлдөрү Социалдык фонддун акцияларын кандай жол менен башкарып отурганын ачыктоону талап кылды. Бирок бул талапка жооп болгон жок. Ошондуктан парламентке өкмөт башчы келишин Отунбаева талап кылды.
Коммунисттик фракциянын атынан сөз сүйлөгөн депутат Николай Байло Байкоочулар кеңешинин ыйгарым-укуктары такталбаганын, ага оппозициялык өкүлдөр кирген менен, алар азчылыкты түзүп чечимдерге таасир эте албасын айтып,мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирди. Талкуунун сонунда мыйзамга 64 добуш менен өзгөртүү жана кошумча киргизилди. Ага ылайык Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча агенттик Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттин өкүлү деп таанылат жана агенттиктин жетекчиси фондунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат. (AiT)

XS
SM
MD
LG