Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Орусияда адвокат менен журналисттин өлүмү үчүн шектелгендер кармалды


Адам укуктары үчүн күрөшүп келген таанымал адвокат Станислав Маркелов жана оппозициячыл маанайдагы “Новая газетанын” кабарчысы Анастасия Бабурова быйыл 19-январда Москвада атып өлтүрүлгөн болчу. Эми Орусиянын укук коргоо органдары алардын өлүмү үчүн шектүү деп саналган эки адамды кармаган. Кармалгандар жыйырма жаштын тегерегиндеги аял жана эркек экендиги кабарланууда. Бирок алар адвокат менен журналисттин өлтүрүлүшүндө кандай роль аткаргандыгы тууралуу маалымат жок. Кармалгандарды камакка алуу же албоо маселесин Москванын Басман райондук соту бүгүн караган жатат. Бул тууралуу шаардык соттун өкүлү Анна Усачева билдирди.

XS
SM
MD
LG