Аталган кабар агенттигинин билдиргенине караганда, анын Ирандагы кабарчысы Фархад Поулади коопсуздук күчтөрү тарабынан Тегерандагы кечээги демонстрацияларды чагылдыруу учурунда кармалган. Ошондон бери дайын-дареги белгисиз. Кечээ Иран оппозициясынын жактоочулары Тегеранда өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан эле.
Ал АКШнын Тегерандагы элчилиги студенттер тарабынан басылып алынган күндүн отуз жылдыгына арналган жана өкмөт уруксат берген демонстрацияга тушташ уюштурулган болчу. Коопсуздук күчтөрү өкмөткө каршы чыккан демонстранттарды желим таяктар менен сабап, аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Кабарларга караганда, демонстранттардын бир канчасы камакка да алынган.
Ак үй Вашингтон Ирандагы соңку окуяларга байкоо салып жатканын билдирди. 1979 -жылкы барымтанын отуз жылдыгын утурлай сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Барак Обама ал АКШ жана Иран “өз ара шек саноону, ишенбөөчүлүктү жана каршылашууну” артка таштоосун көздөөрүн белгиледи.