Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Токтогул районунда көмүр кымбат


Кетмен-Төбө өрөөнүндө жергиликтүү калк көмүр менен толук камсыз боло элек. Жалал-Абад облусунун борбордук райондорунда бир кабы 90 – 100 сом турган көмүр Токтогулда 150-180 сомго , бир тоннасы 3800 сомго дейре бааланууда. Аны айыл аралаган жүктүү унаа ээлери сатышууда. Көп бүлөлүү жарандардын көмүр алууга каражаты тартыш болуп, отун камдоо менен электр жарыгынын кышында өчпөсүн тилешүүдө. Акимдин орунбасары Нават кызы Айна райондогу казыналык мекемелер көмүр менен 70 пайыз камсыздалганын, калк үчүн 7 жерде көмүр сатылаарын, анын орточо баасы 3050 сом тураарын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG