Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

СДП парламент жыйынынан чыгып кетти


Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагасы кызматы тийбегендигине каршылык билдирип социал-демократтар фракциясы парламент отурумунан чыгып кетишти. Бүгүн парламентте Жогорку Кеңештин жаңы структурасы каралды. Мурунку он эки комитет тогуз болуп кыскарды. СДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аталган фракцияга бир дагы комитетке төрагалык кылуу сунушталбаганын, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басарлыгы берилип бирок буга социал-демократтар ынабай турганын билдирди. Параламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак-жол” фракциясынын лидери көлөмдүү комитеттердин башчылары жана төрага орун басарлары башкаруучу партиялардын өкүлдөрү болушу керектигин айтты. И. Өмүркулов бул учурда парламентте көп партиялуулук принциби бузулганын баса белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG