Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Чочко тумоосу аба аркылуу жуга баштаганы аныкталды


8-ноябрь күнү Бишкектин жана Сокулуктун эки тургуну коркунучтуу вирусту аба аркылуу жуктуруп алганы аныкталды. “Алар эч жакка чыккан эмес, сырттан келгендер менен да байланышта болгон эмес,” деп билдирди КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Төлөн Исаков “Азаттыкка”. Анын маалыматы боюнча оору жуктуруп алгандардын бири мектеп окуучусу. Учурда алар Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Т. Исаковдун белгилөөсү боюнча жергиликтүү жарандар арасында коркунучтуу илдетке тоотпостук менен мамиле кылып, анын алдын алууга аракет кылбоонун натыйжасында да бул илдет жайылууда: “Денеси ысып, өзүн жаман сезген киши сөзсүз башкаларга аралашпай, дарыгерлерге көрүнүп, тиешелүү дарылануудан өтүүгө тийиш. Өздөрүн жылуу алып жүрүүсү керек, бирок тилекке каршы кар түшүп, күн сууктаса да жаштар жеңил кийинип жүрүшөт,” деп эскертти
КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Төлөн Исаков.

Чочко тумоосун жуктурган киши Кыргызстанда алгач август айында катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG