Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Муфтийдин кетүүсү талап кылына баштады


Мусулман дин ишмерлеринин демилгелүү тобу муфтий Мураталы Жумановду акча жеп-ичүүгө айыптап, анын кызматтан алуусун өтүнгөн кайрылууну мамлекет башчынын атына жолдошту. Топтун мүчөсү Маматкадыр Сурановдун бүгүн маалымат жыйынында билдиргени боюнча Ош шаарындагы борбордук мечиттин курулушуна бөлүнгөн 1 млн. 9,5 миң сом акчанын 331,5 миң сому кайда кеткени белгисиз. Молдокелер ошондой эле Орозо айында битир-садага үчүн берилген акчанын бир бөлүгү да муфтияттын сол чөнтөгүнө түштү деп эсептешет.

Дагы бир имам Махмуд Таабалды уулу аймактардагы мечиттердеги имамдар карапайым элдин укугун бузуп жатат деп айыптады.

КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев апта башында муфтияттын ишин текшерүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөндүгүн "Азаттыкка" билдирди. К. Осмоналиев учурда бул комиссия иштеп жатканын, жыйынтыгы апта соңунда ачыкталып каларын кошумчалады. Анын маалыматы боюнча муфтияттын жана муфтий Мураталы Жумановдун дарегине буга чейин да арыз-дооматтар түшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG