Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

КМШ жаштары Бакыда чогулду


Өткөн жумада КМШ жаштары Азербайжанда чогулду. Аталган иш-чарага Кыргызстандан онго жакын ар кыл тармактардын жаш өкүлдөрү катышып келишти.

Жаш эстрада ырчысы Өмүрбек Андарбеков Азербайжандын Бакы шаарында өткөн “КМШ жаштарынын күндөрү” аттуу иш-чарага өзү теңдүү оңго чукул ырчы, сүрөтчү, саясат таануучу кыз-жигиттер менен бирге Кыргызстандын атын чыгаруу аракетин көрүп кайтты:

-Биздин сапарыбыз байсалдуу болду деп ойлойм. Бакыга ар кыл мамлекеттерден таланттуу, өз өлкөсүнө эмгеги сиңген бир топ жаштар чогулган экен. Чоң болбосо да баары бир атаандашуу болду. Себеби ар бирибиз өз мекенибиздин маданиятын, салт-санаасын, мыкты гана жактарын көргөзүүгө тырыштык. Биз чогулгандарды улуттук кийим-кечебиз, концертте фонограмма эмес, өз үнүбүз мен ырдаганыбыз менен таң калтырып кайттык.

Былтыр Бишкекте өткөн Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) саммитинде 2009-жыл Жаштар жылы деп жарыяланган. Буга карата, аталган жумуриятта жаштар маселесине көбүрөөк көңүл буруп, көйгөйлөрдү биргелешип чечүү каралаган. Жогоруда сөз болуп жаткан иш-чара дагы КМШ жаштары арасында достук мамилелерди чыңдоо, маданий карым-катнаштарды күчөтүү максатында ишке ашкан. Жаштар иши боюнча департаментинин эл аралык бөлүмүнүн адиси Айжан Муратова иш-чара тууралуу буларга токтолду:

- Азербайжандагы жаштар күндөрү ноябрдын төртүнөн жетисине чейин уланды. Иш-чарага сегиз мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Ал жакка биздин өлкөдөн ырчылар Нэна, Бактыгүл Бадыева, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, сүрөтчүлөр барышты.

Сөз болуп жаткан иш-чарада жаштар өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Ырчылар ырдап-бийлеп, сүрөтчүлөр көргөзмөгө өз эмгектерин коюп, жаш ашпозчулар өз өлкөсүнүн улуттук тамак-аштарын даярдашты. Ошондой эле жаштар саясатына арналган тегерек үстөл үстүндөгү талкуу болду. Демократияны өнүктүрүү институтунун өкүлү Исламбек Мурсабеков чет элдик курбалдаштары менен жаштар саясаты жаатында жакшы пикир алышуулар болгонун айтат:

-Биздин өлкөдө жаштар саясаты жаатында иштеген өкмөттүк эмес уюмдар башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп экен. Бирок мамлекет тарабынан каржылоо жетиштүү эмес. Мисалы сегиз миллион калкы бар Азербайжанда жаштар саясатына жылга 5 млн. евро бөлүнөт экен, бизде болсо 5 миллион сом каралган.

Исламбектин айтымында, аталган иш-чарада ар кыл өлкөнүн жаштарына өз ара пикир алышып, маданий карым-катнаштарды түзүп, тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлдү.

Ал эми Жаштар иштери боюнча департаментинен белгилүү болгондой, КМШ мамлекеттеринде Жаштар жылына арналган иш-чаралар жыл аягына чейин өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG