Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:49

Кымбатчылыкка кыжырлангандар акыйкатчыга даттанууда

Акыйкатчынын өкүлү Алима Аманова Жалал-Абад облусунан укугун коргоону өтүнүп, тогуз айда 1231 киши кайрылганын билдирди. Алардын 64 пайызы соода-сатык тармагындагы мыйзам бузууларга, газ, электр тогу, жол кире, күйүүчү май, баалардын кымбаттыгына даттанышкан. Запкы тарткан аялдар жана милиция менен сотко нааразы болгондор да жылдагыдан азая элек. 1-ноябрдан 10-декабрга дейре адам укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды. Ага байланыштуу облустагы мекеме- уюмдар менен жогорку жана атайын орто окуу жайларында киши укугун сактоо үчүн түшүндүмө окуулар өтүп жатат. (YA)
XS
SM
MD
LG