Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ош: ишкерди телефондон коркуткан адам 7 жылга кесилди


Жактоочу Назгүл Сүйүнбаеванын маалымат жыйынында билдиришинче, айыпталуучу Михаил Легкоступов «Ош маркет» дүкөнүнүн кожоюну Элеонора Ливоренконун машинасын айдачу. Былтыр 12-октябрда ал ишкана ээсине чалып, таарынгандыгын айтып, керек болсо мекемесин жардыраарын кыйыткан. Ушундай кийин милиция кызматкерлери күмөндүү кишинин үйүнөн опурталдуу буюмдар табылды деп жарыялаган. Бирок аймактык мамлекеттик соттук экспертиза борбору алынган буюмдар жардыргыч зат эмес экендигин аныктаган. Ошого карабастан Ош шаардык соту Михаил Легкоступовду жети жылга эркинен ажыратты. «Мындай чечим Кыргызстандын тарыхында болбогон, судьялар адам тагдырын оюнчукка айландырышты». - дейт Назгүл Сүйүнбаева.

Ал эми «Ош маркет» дүкөнүнүн өкүлү шаардык соттун өкүмүн кубаттап, Легкоступовдун жоругу башкаларга сабак болмокчу деп эсептейт. (ATo)

XS
SM
MD
LG