Ирандын "Ирна" маалымат агенттиги кабарлаганына караганда, башкы прокурор иликтөө иштери дале улантылып жатканын айткан. Америкалык үч жаран быйыл 31-июлда Ирак менен чектеш жерде кармалган. АКШнын өкмөтү жана кармалгандардын жакындары алар жөнөкөй эле турист экенин билдирип келишет.