Кытайдын Шинжаң уйгур автоном областында тогуз киши өлүм жазасына тартылды. Өкмөттүн маалымат каражаттарына ылайык, жогорку жазага тартуу июль айындагы толкундоолорго байланыштуу ишке ашырылды. Уйгур азчылыгы менен хан кытайлардын кагылышында 200дөн ашык кишинин каны төгүлгөн эле. Жогорку жазага тартуу кайсы жерде орун алганы такталган жок. Толкундоолордон кийин жүздөгөн киши камакка алынып, бир канчасы кесилген, бирок буга чейин өлүм жазасына тартуу болгон эмес.