Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Жапония Ооганстанды кайра курууга 5 миллиард доллар убада кылууда


Токио Ооганстанды кайра куруу үчүн алдыдагы беш жылдын ичинде 5 миллиард доллар өлчөмүндөгү жаңы жардам көргөзөрү тууралуу жапон тышкы иштер министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, жардам Ооганстандын полиция күчтөрүн чыңдоого, айыл-чарбасына жана башка инсфраструктуралык долбоорлорго берилет. Жапон тарап мындай жарыяны АКШ президенти Барак Обама алдыдагы жума, ишемби күндөрү иш сапары менен Токиого келер алдында жасады. Учурда жапон өкмөтү АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы күчтөрүн Инди океан аркылуу күйүүчү май менен камсыздоо ишин аткарат, бирок бул вазийпасын келерки жылдын январынан тарта токтотууда.

XS
SM
MD
LG