Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Өлүм жазасынан баш тартуу маселеси талкууда


Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитет “Өлүм жазасынан баш тартуу боюнча эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоду.
Протоколго ылайык, ага кирген өлкөнүн бир дагы жараны өлүм жазасына тартылбайт. Ар бир өлкө өлүм жазасынан баш тартуу боюнча керектүү чараларды көрөт. Кыргызстан 1994-жылы 7-октябрда Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыга кирген. 2007-жылкы референдумда Баш мыйзамдагы өлүм жазасы жөнүндөгү берене түбөлүк камакта кармоо жөнүндөгү жобо менен алмаштырылган. Азыр Кыргызстан Эл аралык пакт боюнча экинчи протоколго кошулуу маселесин карап жатат. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясы тарабынан 1989-жылы кабыл алынган. Бул документке 71 өлкө кол койгон
Эскерте кетсек, Коммунисттер фракциясы Өлүм жазасын калыбына келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы мурда маалымдалган. Мындай аракет Коопсуздук Кеңешинин сентябрдагы аппарат жыйынында ошол кездеги катчы Адахан Мадумаров менен Коопсуздук Комитетинин төрагасы Мурат Суталиновдун Өлүм жазасын калыбына келтирүүнү жактаарын билдиришкенден кийин башталган.
. (AzK)

XS
SM
MD
LG