Президенттин жардыгы менен Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тынчтыкбек Чекиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда Өмүрбек Суваналиев губернаторлуктан бошотуу тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган.Президенттин буйругу менен Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашев да кызматынан бошотулду.(AiT)