Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Муфтийдин кызматтан кетишин талап кылгандар сотко берилди


Ош облус казысы Сүйүнбай Калыковдун ырасташынча, муфтий Муратаалы Жумановдун ири өлчөмдөгү акчаларды жеп-ичүүгө эч кандай тиешеси жок. Анын кызматтан кетишин талап кылган демилге тобу шектенген 373 миң сом жоголбой-этпей эле Ош шаарындагы борбордук мечиттин курулушуна жумшалган. Тактап айтканда, 279 миң сом мечиттин имамынын жардамчысы Жанарбек Матиевге акт менен тапшырылып, калган каражаттар усталарга, ашпозчуларга жана кароолчуларга маяна катары төлөнгөн. Казынын айтымында, муфтийдин ордун аңдыгандар аргасын таппай, аны жаманаттылоо менен алек. Ошондуктан Оштун мусулмандарынын атынан демилге топтун үстүнөн сотко даттануу жолдонду. Белгилей кетээрибиз, аз күн мурда дин ишмерлеринин тобу муфтий Муратаалы Жумановду акча жеген деп айыптап, аны кызматтан алууну президент Бакиевден талап кылышкан. (ATo)

XS
SM
MD
LG