Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Обама жоокерлер менен коштошуу жөрөлгөсүнүн башында турду


Президент Обама жубайы Мишель менен Форт-Худ аскерий базасындагы коштошуу жөрөлгөсүндө.
Президент Обама жубайы Мишель менен Форт-Худ аскерий базасындагы коштошуу жөрөлгөсүндө.

АКШ президенти Барак Обама кечээ өткөн аптада өз мекенинде киши колдуу болгон он эки жоокер менен коштошуу жөрөлгөсүнүн башында турду.

Бул кылмышты жасаганы үчүн шектелип жаткан адам - АКШнын мусулман жараны, кесиби боюнча аскерий психиатр жана армиянын майору. Ал аралыкта кечээ АКШда мындан жети жыл мурда он кишини мерт кылган снайперге берилген өлүм жазасы ишке ашырылды.

Техас штатындагы Форт-Худ аскерий базасында өткөн бейшемби күнү ошол жерде эле кызмат кылгандардын бири капыстан ок чыгарганда, армиянын он эки жоокери менен бирге аскерий эмес бир жаран да мерт болгон эле. Анын артынан эле америкалык расмий өкүлдөр жоокерлерди көздөй ок аткан адам - АКШ армиясынын Нидал Хасан ысымдуу майору жана ал кесиби боюнча аскерий психиатр экенин билдиришкен.

Ошондо майор Хасан Иракка же Ооганстанга согушка жөнөтүлүүсүнөн кооптонуп жүргөндүгү айтылган. Президент Барак Обама кан майданда эмес, өз кесиптешинин колунан ажал тапкан жоокерлер менен коштошуу жөрөлгөсүнө катышуу үчүн кечээ Техастагы ошол Форт-Худ аскерий базасына барды. Ал жерге жыйналган миңдеген жоокерлердин, алардын жакындары менен туугандары алдында сүйлөгөн сөзүндө Обама курман болгондорду эскерүү менен буларды белгиледи:

-Алардын өмүрүнүн маңызы - биз баарыбыз көп учурда өзүнөн -өзүнөн эле боло калуучу иш катары караган биздин коопсуздугубуз жана эркиндигибиз эле. Бул тынч шаарчадагы күндүн ар күнкү батуусу жана таңдын атуусу, америкалык жашоо менен эркиндикке ырахаттанган жана бактысын издеген ар бир учур алардын мурасы. Бул өлкө же биз түптөлгөн баалуулуктар ушул он үч америкалык сындуу эркектерсиз жана аялдарсыз өмүр сүрө албайт.

Президент сүйлөп жаткан трибунадан төмөндө бейажал өлүмгө кириптер болгон 12 жоокерге жана аскерий эмес бир адамга урмат көргөзүүнүн белгиси катары аскерий бут кийимдин он үч жубу жана алардын ар биринде автомат менен каска турду. Жоокерлердин өмүрүн кыйганы үчүн айыпталып жаткан америкалык мусулман жөнүндө АКШ президенти бир ирээт гана сөз кылды. Нидал Хасандын ысымын эскербестен Обама көпчүлүк америкалыктардай эле ал дагы бул адамды өз жолдошторун өлтүрүүгө эмне түрткөнүн түшүнүүгө аракет жасаганын белгилөө менен мындай деди:

-Балким бул трагедияга алып барган, чиеленишип кеткен логиканы түшүнүү кыйындыр. Бирок биздин билгенибиз мындан көп. Эч бир дин буга окшогон кыянатчылыкты, коркоктук аракетти актабайт. Биз билгендей, ал жасагандары үчүн сотто бул дүйнөдө да, кийинки дүйнөдө да жооп берет.

Техастагы аскерий базада кан төгүлгөндөн кийин түшкөн кабарларда, түпкү теги боюнча палестиналык Хасан жоокерлерди көздөй ок чыгарар алдында “Аллах акбар”- “Кудай улук” деп кыйкырганы айтылган. Ошондо жооп октон жаракат алган Хасандын өзү азыр ооруканада. Акыл-эсине келип, дарыгерлер менен сүйлөшкөн. Бирок аскерий өкүлдөр же тергөө органдарынын кызматкерлери менен сүйлөшүүдөн баш тартып, ага адвокат берилишин суранган.
Нидал Малик Хасан

“Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Хасан бирге иштеген аскерий психиатрларга 2007-жылы эле АКШ армиясы “жагымдуу эмес” окуяларга жол бербөө үчүн мусулман жоокерлерди мусулмандарга каршы күрөшүүгө жөнөтпөөсү керектигин айтыптыр. Ал өзү кабарларга караганда, АКШнын четтеги согуш майдандарынын бири – Иракка же Ооганстанга жөнөтүлүүсү мүмкүн экендигине ич күптү болуп жүргөн.

Ошентип, АКШда 13 кишини мерт кылган аскерий адам кылмышы үчүн жазаны сотто алары айтылып жатса, мындан жети жыл илгери башкаала Вашингтондо жана анын чет жакасында 10 кишини үч аптанын ичинде снайперден атып өлтүргөн америкалыкка чыгарылган өлүм жазасы кечээ аткарылды. Кезинде Ирактагы биринчи согушка катышкан, кийин ислам динине өткөн Жон Аллен Мухаммадга мерт кылуучу ийне Виржиния штатындагы түрмөлөрдүн биринен сайылды.

Мунун алдында АКШнын Жогорку соту жана Виржиня штатынын губернатору айыпкердин жана анын адвокаттарынын акыркы кайрылууларын четке каккан эле. Жон Мухаммаддын адвокаттары өлүм жазасы боюнча өкүмдү өзгөртүү боюнча арызында алардын кардары “Перси булуңундагы согуштун синдрому” деп аталган илдеттен жапа чегип келгенин жүйө кылышкан


Вашингтондук снайпердин иши
америкалык соттун бардык
баскычтарында каралган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG