Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Баткенде чочко тумоосунун алдын алуу аракеттери көрүлө баштады


Бул тууралуу Баткен райондук санэпидкөзөмөл борборунун баш дарыгеринин орун басары Дыйканали Юсупов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда аймакта жергиликтүү деңгээлде иш чаралар бекитилип, коомдук жайларда, мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Ошондой эле той мааракелерди да кыскартуу жергиликтүү бийликтер менен биргеликте талкууга алынып жатат. Ооруканаларда атайын орундар да даярдалып, кошуна өлкөлөрдүн жакыныкы аймактарындагы абал менен да маалымат алмашылып турулууда. Бирок бул тумоого шектүү байкалса ооруну аныктоо үчүн облуста вирусту аныктоочу лаборатория жок. Аны Ош шаарынан гана аныктоого мүмкүн болот деп билдирет Дыйканали Юсупов. (JsA)

XS
SM
MD
LG