Ооганстанда суучулдар бир нече күндөн бери дайынсыз жоголуп аткан америкалык аскердин сөөгүн табышты. АКШ армиясынын өкүлү кабарлагандай, жергиликтүү жана эларалык күчтөр экинчи жоокерди издөөнү улантышууда. Эки аскер 4-ноябрда Түркмөнстан менен чек арага жакын жердеги Багдис чөлкөмүндө учактан түшүрүлгөн жүктү дарыядан алып чыгууга аракеттенип жатканда жоголуп кетишкен. Издөө иштери маалында согушкерлер менен аткылашуу тутанды.