Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Ахмединежад өлкөнүн ядролук менчигин коргоого сөз берди


Иран президенти Мадмуд Ахмединежад «өлкөнүн ядролук программасын токтотуунун зарылдыгы жок жана Тегеран азыр МАГАТЭ менен жогорку деңгээлде кызматташып жатат» деди. Ошол эле убакта ал МАГАТЭнин арачылыгы менен түзүлгөн Ирандын уранын чет өлкөдө байытуу маселеси боюнча бир беткей жооп берген жок, болгону бул өлкө үчүн «маанилүү маселе» экендигин белгиледи. Шаршембиде Орусия Иранды бул сунушка оң жооп берүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG