Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Д. Молдошева: Беткап бааларын көзөмөлдөө зарыл


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда “Ак Жол” фракциясынын депутаты Динара Молдошева медициналык беткап, вирустарга каршы дары-дармектердин баасы кескин түрдө жогорулап кеткенин билдирди. Анын айтымында, учурда беткап баасы элүү сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Андыктан Монополияга каршы агенттик, Саламаттыкты сактоо министрлиги чочко тумоосуна каршы каражаттардын баасын көзөмөлдөөсү керек. Ошондой эле Д. Молдошева мектептерде, эл көп чогулган жайларда сөзсүз түрдө бет кап тагынуу боюнча токтом кабыл алууну мэрияга сунуштады. (AiJu)

XS
SM
MD
LG