Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

«Макмал» алтын кенинде бир киши каза болду

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Тогуз-Торо районундагы кырсык жумушчулар жер алдына түшүп баратканда болгон. 10- ноябрда алтын ылгоочу ишкананын 39 жаштагы жумушчусун урандылар басып калган. Куткаруучулар урандылардын алдынан анын сөөгүн алып чыгышып, 11-ноябрда үй- бүлөсүнө беришти. Адам өлгөн кырсыкты ишканада түзүлгөн атайын комиссия иликтөөдө. Киши көз жумган мындай окуялар буга дейре облустун көмүр казып алуучу Көк- Жаңгак жана Маркай кендеринде да болгон. ( YA)
XS
SM
MD
LG