Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

АКШ президенти Азияга сапарга аттанууда


Барак Обама Азияга бүгүн кечке жуук жол тартууда. Анын аймактагы сапары бир аптага созулат. Барак Обама оболу Жапонияда токтомокчу. Жапониянын азыркы премьер- министри өлкөсү Кошмо Штаттар менен коопсуздук чөйрөсүндөгү байланыштарын басаңдатууну көздөөрүн айткан. Алдыдагы дем алыш күндөрү болсо АКШ президенти Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун Сингапурдагы саммитине катышат. Андан соң Шанхайга жана Бээжинге барып, кытай президенти Ху Цзиньтао менен сүйлөшүүлөрдө өткөрмөкчү. Барак Обама Азиядагы сапарын Түштүк Кореяда аяктайт. Бүгүн жолго чыгар алдында ал экономкадагы абал боюнча сөз сүйлөгөн жатат. Өткөн айда АКШда жумушсуздуктун көрсөткүчү капыстан эле 10,2%га чыгып кетти. Бул -акыркы 26,5 жарым жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Мындай жагдай экономикада жандануунун белгилери бар экенине карабай, Обаманын администрациясын жумушсуздук менен күрөшүү үчүн көбүрөөк чара көрүүгө мажбурлоодо.

XS
SM
MD
LG