Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

“Жаш мугалимдин депозити” долбоору улантылат


Билим берүү министрлигинин өкүлү Калыс Шадыхановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Жаш мугалимдин депозити” долбоору эмдиги жылы дагы улантылат. Быйыл бул долбоорго катышуу үчүн 500 орунга сынак жарыяланган. Эмдиги жылы дагы ушунча жаш мугалим аталган программага кабыл алынат. “Жаш мугалимдин депозити” долбоору боюнча сынактан өткөн, өз кесиби боюнча иштеген жаш педагогдордун банктык эсебине айына 2000 сом которулуп турат. Бул программа мугалимдер таңсыктыгын жоюу аракетинде иштелип чыккан. (AiJu)
XS
SM
MD
LG