Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Тажикстанда кайрымдуулук иретинде берилген тамак-аш бузулган болуп чыкты


Колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштын ири өлчөмү Хатлон облусундагы ооруканалардан жана аз камсыз болгон үй –бүлөлөрдөн алынды. Алар муну жергиликтүү ишкерлерден гуманитардык жардам катары алган эле. “Азаттыктын” тажик кызматы Хатлон облусунун бийликтерине шилтеме жасап кабарлагандай, жергиликтүү төрт ишкер Тажикстандын Конституция күнү майрамдалган 6-ноябрды утурлай ооруканаларга жана аз камсыз болгон үй –бүлөлөргө кургак кесме салынган кутулардан 1,5 тонна тараткан. Бирок текшере келгенде алардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги жана адамдын ден –соолугу үчүн зыяндуу экени аныкталды. Өткөн айда да Хатлон облусунун бийликтери жергиликтүү дүкөндөрдөн Кытайдан импорттолгон жана порошок түрүндөгү сүттөн 700 килограммды конфискациялашкан.

XS
SM
MD
LG