Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

АКШнын Ооганстандагы элчиси кошумча күчтөрдүн келишине каршы


Элчи Карл Айкенберри Ак үйгө жолдогон катында ооган өкмөтү коррупцияга каршы күрөштө олуттуу ийгиликтерге жетмейинче, Ооганстанга кошумча дагы миңдеген аскерлерди жибербөө зарылдыгын билдирген. Мурда АКШнын Ооганстандагы командачыларынын бири болгон Айкенберри мындай турумун өткөн аптада Вашингтонго жашыруун жөнөтүлгөн теллеграмада айткан. Бул тууралуу АКШнын маалымат каражаттары кабарлашты. Кабулдан Вашингтонго жогорудагыдай мазмуундагы кат Ооганстан боюнча жаңы стратегия кызуу талкууланып жаткан учурда келди.

Ооганстанга кошумча 40 миң аскерди жиберүү керекпи же жокпу деген маселени талкууло үчүн АКШ президенти Барак Обама ушул шаршембиде эле башкы сегиз командачы менен жыйын курду. Ак үйдүн билдиргенине караганда, Обама бул маселе боюнча чечим кабыл алууга жакындап калды.

XS
SM
MD
LG