Польша Орусия менен Беларус анын чек арасына жакын жерде өткөргөн ири аскерий машыгуу боюнча камтамачылыгын НАТОго билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Радослав Сикорски бүгүнкү радио интервьюсунда белгилегендей, ал поляк өкмөтүнүн атынан НАТОнун башкатчысына жолдогон катта ушул жагдайды эске алууну өтүндү. Быйыл сентябрда Беларустун аймагында болгон аскерий машыгууга орус жана беларус тараптан 12 миң жоокер, 200дөй танк жана аскерий учак тартылган.