Аталган аба майдандын медициналык кызматынын чочко тумоосуна байланыштуу ыкчам планына ылайык, Бишкек менен Оштогу аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн денесинин температурасын аныктаган аппарат орнотулду. Имараттын ичиндеги жолоочулар колдонгон эмеректер дезинфекцияланып жатат. Соңку маалыматтарга караганда Кыргызстанда чочко тумоосун жуктуруп алгандардын саны отуздан ашты. Алардын көпчүлүгү Орусиядан кайткан жергиликтүү жарандар. (EBM)