Кыргызстанда кант диабетина чалдыккандардын саны 28 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн Республикалык диабет күнүнө арналган жыйында Диабеттик ассоциациясынын жетекчиси Светлана Момунова билдирди. Анын айтымында, бул дарыгерге кайрылган гана оорулуулардын саны. “Реалдуу көрсөткүч мындан 2-3 эсе көп болушу мүмкүн. 60 жаштан өткөндөр сөзсүз түрдө кант диабети үчүн анализ тапшырыш керек. Көптөрү өзү көтөрүп жүргөн оорусун билбейт. Айрымдар айылдарда бекер таратыла турган дары-дармектерди сатып алып жатышат”, - дейт С.Момунова. (КЕ)