Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Чочко тумоосу Ошто да чыкты


Денеси ысып, кечээ ооруканага түшкөн 5 жашар кыздын А/H1 N1 вирусун жуктуруп алганы бүгүн аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү кабарлады. Аталган бөлүмдүн башкы врачы Уултай Каратаеванын журналисттерге билдиргени боюнча кичинекей кыз шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын балдар бөлүмүнө жаткырылды, абалы оор эмес. Анын айтуусунда секелек кыз чоң энеси менен жашаган, ата-энеси Орусияда иштешет, балдар бакчасына барбайт.

Буга чейин Ош шаарында А/H1 N1 вирусун жуктуруп алгандар катталган эмес. Жалпы Кыргызстан боюнча чочко тумоосуна кабылган адамдардын саны бүгүн 37ге жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG