Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

ЕврАзЭСте айыл чарба товарларын жүгүртүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт



РИА “Новости” маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Евразия экономикалык жамаатына кирген өлкөлөр аймагында айыл чарба продукциясын чийки жана сатыкка даяр түрүндө жүгүртүүнүн бирдиктүү системасы, ошондой эле агрардык рыноктун жалпы маалыматтык базасы түзүлөт. Бул тууралуу Москвада өткөн ЕврАзЭСтин агросаясат боюнча бириккен комитетинин 9-отурумда талкууланды. Мындай бирдиктүү системаны түзүү ЕврАзЭСке мүчө өлкөлөрдүн агро-өндүрүштүк тармагынын эффективдүүлүгүн, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө жаан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. ЕврАзЭСтин курамына пост-советтик алты өлкө мүчө жана үч өлкө байкоочу катары кирет. Кыргызстан бул уюмга 2000-жылдан бери мүчө. (GA)

XS
SM
MD
LG