Август айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосун жуктурган 44 киши катталды. Алардын көпчүлүгү дарылоолордон кийин айыгып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” КР саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы адиси Динара Оторбаева билдирди. Анын маалыматы боюнча чочко тумоосун жуктургандар 4 жаштан 56 жашка чейинки адамдар, булардын ичинен жашы жете электери 8 адам. Илдетке кабылгандардын ичинен 24 киши сырттан кайтып келген мигранттар, калганы жергиликтүү тургундар. Бүгүнкү күнү чочко тумоосуна шектелгендер Баткен облусунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катталды. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 4, жалпы облус боюнча 5 киши бул илдетти жуктурган деп шектелип, дарыланышууда. Д. Оторбаеванын маалыматы боюнча Кыргызстанда чочко тумоосунун оор түрү менен ооругандар жок.
КР саламаттыкты сактоо министрлигинин суроосу менен бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилүүчү 40 миң кишини дарылай турган дары-дармектер ноябрь айынын аягында келип түшөрү күтүлүүдө. Ал эми декабрда пандемиялык гриппке каршы вакциналар келет деп күтүп жатабыз, деп билдирди КР саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы адиси Динара Оторбаева.(ZKo)