Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Укук коргоочулар БУУга отчет беришти


Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү БУУнун Женевада жайгашкан адам укуктары боюнча кеңешине өлкөдөгү адам укуктарынын ар түрдүү тармактагы абалы тууралуу маалымат берип келди. Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда маалыматта негизинен саясий куугунтуктоолор, кыйноолордун колдонулушу, өлүм жазасы, терроризм-эстремизм жөнүндө, балдар укуктары жана жарандардын тынч митинг, пикеттерге чогулуу эркиндиги жаатындагы адам укуктарынын тебеленип жаткандыгы жөнүндө айтылган.

Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине 2009-жылдын май айынан бери мүчө. Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп кирген мамлекет катары кыргыз бийлиги жана жарандык коом өлкөдөгү адам укуктары боюнча маалымат берүүгө тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG