Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:15

Куурчак театры 70 жылдыгын белгилейт


Маданият жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эленора Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, салтанаттуу кече куурчак театрынын турмушун чагылдырган документалдык тасма менен ачылат. Ошондой эле кеченин меймандары Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы маңкурт жөнүндөгү уламыштын негизинде даярдалган “Томого” спектаклине күбө болушат. Бул спектакль быйыл Казан шаарында өткөн Түрк элдеринин театрларынын тогузунчу эл аралык фестивалында “Куурчак театры” номинациясында жеңүүчү деп табылган.

Иш чарада мындан тышкары театрдын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат. Эртең болчу кечеге Тажикстандан жана Ирандан да меймандар келиши күтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG