Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Кыргызстанда Аргентина элчилиги ачылышы ыктымал


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Мария Исанованын Аргентинанын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Хосе Мария Венере менен бүгүнкү жолугушуусунда айтылды. Жолугушууда Хосе Мария мырза эки парламенттин ортосунда депутаттык достук тобун түзүү менен эки тараптуу кызматташууну сунуштап, ал бул багытта кыргыз парламенти башка өлкөлөр менен кандай тартипте иш алып бараарына кызыкты.

Комитет төрайымы меймандын сунушун колдой тургандыгын билдирип, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште 27 достук тобу бир катар өлкөлөр менен анын ичинде Куба жана Түштүк Американын бир катар өлкөлөрү менен иш алып бараары тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңеште башка өлкөлөрдүн парламенттери менен иштөө жолго коюлгандыгын айтты. Мындан тышкары Хосе Мария келечекте Аргентинанын Кыргызстандагы элчилигин ачуу планы бар экендигин кошумчалады. Мындай сунушту комитеттин алдыдагы жыйындарынын биринде талкууга ала тургандыгын комитет төрайымы убада кылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. (AzK)

XS
SM
MD
LG