Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Баткенде бир адам чочко тумоосуна кабылганы шектелүүдө


Бул тууралуу Баткен райондук санэпидкөзөмөл борборунун баш дарыгеринин орун басары Дыйканали Жусупов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, 13-ноябрда Орусиянын Новосибирск шаарынан Кызыл-Кыяга келген 21 жаштагы жигит 14-ноябрь түнү аймактык ооруканага эти ысып, акыбалы оорлошуп кайрылган. Андан алынган анализдер дартты аныктоо үчүн Ошко жөнөтүлдү. Бул жигит бүгүнкү күндө чочко тумоосуна шектүү делинип, өзүнчө бөлмөдө тумоого каршы эмдөөлөрдү алып жатат. Мындай учур облуста биринчи жолу каталып жатат, буга чейин облустун 2 тургунунан Бишкекте чочко тумоосу аныкталып, азыр дарыланууда. Учурда облустагы саламаттык сактоо мекемелеринде 4 миң доза тамифилю дарысы бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG