Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Чеченстанда эл аралык аба каттамы ачылды


Чеченстанда 15 жылдан бери алгачкы ирет эл аралык аба каттамы ачылды.
Биринчи учак жүздөгөн момун мусулмандарды Сауд Арапстанга ажылыкка алып кетти. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров бул окуяны «чечен эли үчүн чоң ийгилик» деп мүнөздөдү. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, Сауд Арапстанга жети учак менен эки миңдей киши жеткирилет. Орус өкмөтү Грозныйдын аба майданына буга чейин коюлган эл аралык учуулар боюнча бардык чектөөлөрдү алып салып, ушул айда ага эл аралык аба майданы макамын ыйгарган.

XS
SM
MD
LG