Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Петровка окуясын кароону сот бүгүн улантат


Петровка окуясы боюнча сот калыс чечим чыгарарына ишеним аз. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталып жаткандардын коомдук жактоочусу, “Интербилим” борборунун башчысы Асия Сасыкбаева билдирди. Петровка окуясы боюнча сот иши бүгүн Москва районунда улантылып, анда күбөлөр суралмакчы. Отурумга коомдук коргоочулардын катарында оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев, “Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова, “Интербилим” борборунун башчысы Асия Сасыкбаева да катышаары күтүлүүдө. Петровка жаңжалы боюнча алты киши массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылды, улут аралык араздашууга түрттү деген өңдүү беренелер боюнча айыпталууда. Алардын катарында эки укук коргоочу жана “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев камакта отурушат. (BuS)

XS
SM
MD
LG