Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Дарылардын баасы жөнгө салынды


Чочко тумоосу Кыргызстанда башталган учурда айрым дары-дармектерге суроо-талап көбөйүп, дарылардын таңсыктыгы пайда болгон, учурда ал жоюлду. Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министрлигинин дары менен камсыздоо департаменти маалымат жыйынында билдирди. Департаменттин жетекчиси Рустам Курмановдун маалыматы боюнча таңсыктык менен бирге эле дары-дармектерге көтөрүлгөн бааларды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Анын айтуусунда бааларга монополияга каршы күрөшүү агенттиги менен чогуу көзөмөл кылынууда. Ноябрь айынын аягына чейин Кыргызстандагы дарыканаларга 2,5 млн. бир жолу колдонулуучу беткап апкелинет.

КР саламаттыкты сактоо министрлигинин дары менен камсыздоо департаменти маалымдагандай дары саткан ишкерлер бааларга жооп берет, бирок ошол эле учурда дары-дармектер ортомчулардын, сатуучулардын кызыкчылыгы менен кымбаттаган учурлар бар. Департаменттин жетекчиси Р. Курманов керектөөчүлөр адаттан тыш кымбат сатылып жаткан дары-дармектер тууралуу 542881; 542896 телефондоруна чалып, маалымдоосун өтүндү. Ал ошондой эле дары-дармектерди, беткаптарды көп санда сатып алуунун зарылчылыгы жок, анткени аларды сактоо жана колдонуу мөөнөтү баары бир аз деп билдирди.

Өткөн жумада борбор калаадагы дарыканаларда сасык тумоого каршы дарылар бир нече эселеп кымбаттап, ал эми бир жолу колдонулуучу беткаптар сатыктан жоголуп кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG