Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Бүгүн фракциялар жыйыны болот


Коммунисттик жана “Ак жол” фракцияларынын жыйыны бүгүн эрте менен башталды. Коммунисттик фракциянын жыйынында “Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө” мыйзам долбоору жана “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралат. “Ак жол” фракциясынын жыйынында да бир катар мыйзам долбоорлор жана Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө карата токтом долбоору каралат.
Социал-демократиялык фракциянын жыйыны түштөн кийин болот. Анда электр энергиясына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү, буга байланыштуу калкты социалдык жактан коргоо маселелеси каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG