Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Э.Бүлекбаевге байланыштуу иш Жогорку Сотто каралат


24-ноябрда Башкы прокуратуранын апелляциялык арызы Жогорку Сотто каралат. Бул тууралуу Э.Бүлекбаевдин адвокаты Наргиза Абдылдаева бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаевге каршы “карикатуралар” боюнча козголгон кылмыш иш өзүнчө каралыш керектигин талап кылууда. Белгилүү болгондой Бишкек шаардык соту “карикатура” жана Петровка айылындагы окуя боюнча козголгон кылмыш иштерди бириктирип кароо боюнча чечимди август айынын соңунда кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура ага каршы чыгууда.”Карикатулар” боюнча кылмыш иши “Жашылдар” партиясынын кеңсесинен президентке байланыштуу карикатуралар табылгандан кийин козголгон. Ал эми Петровка айылындагы окуя боюнча соттук териштирүү 19-ноябрда уланат.(AiT)

XS
SM
MD
LG