Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Куурчак театрынын артисттерине мамлекеттик сыйлыктар берилди


Президент Курманбек Бакиев “М.Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын артисттерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык республиканын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам куурчак театрынын жетектөөчү сахна чеберлери Шайыркүл Иманалиевага жана Эркин Шикматовага берилди. Ошондой эле театрдын директору Темирлан Сманбеков Ардак грамотасы менен сыйланды.(AzK)

XS
SM
MD
LG