Кыргызстан өпкөнүн өнөкөт оорулары боюнча Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө көпчүлүк учурда жарандар өпкө ооруларына чалдыкканын билбей калышат жана дарт өтүшүп кеткенде гана аныкталып калат.
Статистикалык маалыматтарга караганда 2008-жылы Кыргызстанда өпкөнүн өнөкөт оорулары менен 35 миң адам расмий катталган. Бирок алардын саны бүгүнкү күндө 200 миңге чукул болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Өпкөнүн өнөкөт илдеттерине каршы күрөшүү боюнча Дүйнөлүк күндүн алкагында Кыргызстанда атайы иш чараларды уюштуруу пландаштырылган. Мында негизги максат – дарыгерлердин, оорулуулардын жана элдин ичинде өпкө оорулары туурасында маалымат жайылтууну күчөтүү, бул көйгөйдү чечүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат, деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы. (AzK)