Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Иракта парламенттик шайлоо жылдырылышы ыктымал


Ирактын вице-президенти шайлоо кодексинин бир бөлүгүнө вето салды. Сунилердин өкүлү Тарек Ал-Хашиминин ырастоосунда, мыйзамда чет жердеги ирактыктарга парламентте жетиштүү орун каралган эмес. Алардын көпчүлүгүн сунилер менен шийилердин урушу маалында өлкөдөн качкан сунилер түзөт. Вице-президент мыйзамдын бир бөлүгүн түзөтүү киргизүү үчүн парламентке жөнөттү. Бирок бул маселе качан каралаары азырынча белгисиз. Эми 18-январга белгиленген парламенттик шайлоо кийинкиге жылдырылышы ыктымал. Көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин өткөн аптада депутаттар кодекс боюнча мунасага келишкен эле. Бейшембиде күрттөрдүн аймактык өкмөтү аларга каралган мандаттардын саны көбөйтүлбөсө, добуш берүүнү бойкоттойбуз деп эскерткен. Шайлоонун жылдырылышы Вашингтондун августтун этегине чейин согуштук бөлүктөрүн Ирактан чыгаруу планын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG