Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Косоводогу шайлоодо демократиялык партия алдыда

Косоводогу парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, премьер-министр Хашим Тачинин партиясы алдыда баратат. Шайлоо комиссиясынын төрагасы билдиргендей, Тачинин демократиялык партиясы 36 чөлкөмдүн 16сында көпчүлүк мандаттарды алды. Президент Фатмир Сейждиунун Демократиялык Лигасы болсо 8 жергиликтүү кеңеште көпчүлүктү жеңди. Бул – Косово Сербиядан эгемендүүлүк алгандан берки алгачкы добуш берүү болду. Сербдерге 4 муниципалитетте орундардын көбү тийди. Коңшу Сербиянын жетекчилиги косоволук сербдердин шайлоого катышуусу Косовонун эгемендүүлүгүн мыйзамдаштырууга жардамдашат деп өнөктүктү бойкоттоого үндөгөн.
XS
SM
MD
LG